Сакталып турган эле,
пайдасыз көп ширелер,
алардын катарында,
бир шише зайтун май,
муздаткыч ичинде эле.
Айрым моза* идишке,
куюлуп виски шарап,
сен ичип отурасың,
жаныңда отурам мен,
ичсин деп каалашынча.
Мен ичем зайтун майын.
Сен эми кызып калдың.
Мен болсом өзүмдү ойлоп,
өзүмчө дуба кылам.
Кымбаттуу досум сени,
ичти деп жек көрбөймүн!
Жанында арак ичкен,
адамдын сен олтурган,
ичкич деп айта албайсың,
мен муну Кудайдын да,
алдында далилдеймин,
зайтун ичип...
*Алкоголь ичимдигин куючу идиш.
Которгон Мусакун Сатыбалдиев.
This poem has not been translated into any other language yet.
I would like to translate this poem